Search:

Тел:+996 312 46 13 16;   +996 770 98 98 28 

КР жаш сүрөтчүлөр бирикмеси

20 жылдык мааракеңиздер кут болсун!

 

         Кыргыз көркөм-өнөрүн изилдей келсең, тээ кылымдардын түпкүрүнө кетет. Колунан көөрү төгүлгөн канчалаган усталар, уздар, оюмчулар чыккан кыргыздан! Көздүн жоосун алган кыргыз оюмдарын карап отуруп, алардын баарынын түбү барып сүрөт өнөрүнө такаларын аңдап билишибиз зарыл. Көрүп турган нерсесинен бүтүндөй бир дүйнөнү, ажайып кооздукту жаратуу ар кимдин эле колунан келе бербеси да анык. А бирок, биздин элибизде, республикабызда бактыга жараша сүрөт өнөрүнө кызыккан шыктуу жаштар арбын экени анык.

Балким, анын да өзүнүн сыры бар чыгар. Асман тиреген ак чокулуу Ала-Тообузду – ак-калпактуу Ала-Тоо деп атап, элестетип, кыялдануудан улам кандай гана образдар жаралбайт! Мелмилдеген көлүбүз, тарыхый жайларыбыз, бетегеси белден буралган жайлоолорубуз… Кыргыз жери мына ушундай ажайып кооздукка бөлөнүп тургандыктан улам, жаштарыбыздын арасынан сүрөтчүлүккө ышкыбозу артып жаткандар арбын болушу ыктымал деген ойго да такаласың. Мындай кооз табияттын койнунда жашаган элден ышкылуу, шыктуу инсандар кантип чыкпай койсун! Улуу сүрөтчүлөрдүн учугун улап кете турган жаш сүрөтчүлөрдүн эл арасынан улам чыгып жатканын мыйзам ченемдүү эсептөөгө болот.

Бирок, аларды коомчулукка алып чыгуу кимдир бирөөлөрдүн вазийпасына туш келген сыяктуу, жаш өнөр адамдарынын да шыгын ойготуп, андан ары сүрөтчүлүктү өнөр тутуп кетүүгө шыктанткан бирөөлөр болушу керек да. Мына ушул вазийпаны – Кыргызпатент алдындагы интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду аткарып келе жатканын эч кимибиз тана албастырбыз. Жаш балдардын чыгармачылыгын өркүндөтүп, кыргыздын көркөм-өнөр искусствосуна жаңыча жол чаап кетүүсүнө колдон келишинче жардамын аябай келет. Тагыраак айтканда, көп жылдан бери КРнын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду менен  биргеликте бир топ иш-чараларды өткөрүп келебиз.  Мисалы:

  • Жаш сүрөтчүлөр көргөзмөсү “Жазгы палитра” (2010);
  • Жаш сүрөтчүлөр арасында конкурс, “Бүгүн”, “Биздин айыл”, “Үй-бүлө, тынчтык, кечиримдүүлүк” жылына карата көргөзмөлөр(2012);
  • Ар жылы өткөрүлүүчү сүрөтчүлөр союзунун жайкы, кышкы сүрөт көргөзмөлөрү, сүрөт жыйнак (2013);
  • Жаш сүрөтчүлөрдүн альбом каталогу(2017);
  • Кыргызстандын көркөм өнөрүндөгү “Айтматов ааламы” альбом каталогу (2018);

         Бул жышаан жаш сүрөтчүлөрдүн чыгармачылыгына шык, эргүү, дем -күч берип, сүрөт көргөзмөлөрүн байма-бай өткөрүлүп туруусуна шарт түзөрү анык. Бул саамалык азыркы убакытка чейин колго алынып келет.

         Мына ушундан улам Кыргызпатент алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду сыяктуу чыгармачыл мекемелер мүмкүн болушунча жаш таланттарга колдоо көрсөтүп турганда сүрөт көркөм-өнөр искусствосунун келечеги кең экенине ишеним чоң. Өз кезегинде жаш сүрөтчүлөрүбүз да эң сонун чыгармалары менен сүрөт өнөрүнүн асманын жаркыратат деген үмүтүбүз жанып турат.  

Эмесе, мааракеңиздер кут болсун! Ишиңиздерди ийгилик гана ыроолоп турсун!

 

Замир Илипов,

КР жаш сүрөтчүлөр бирикмесинин төрагасы

Печать