Search:

Тел:+996 312 68 04 71;   +996 770 98 98 28 

ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ФОНД ИНТЕЛЛЕКТУАЛЬНОЙ СОБСТВЕННОСТИ ПРИ КЫРГЫЗПАТЕНТЕ / Новости  / Жайкы мектеп жаш механик окумуштууларды чогултту

Жайкы мектеп жаш механик окумуштууларды чогултту

Бүгүн ордолуу Ош шаарындагы технологиялар университетинде Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ойлоп табуучусу, профессор С. Абдраимовдун 75 жылдыгына арналган жаш механик окумуштуулардын жайкы мектеби болуп өттү.

Иш-чаранын максаты – жаш окумуштуулардын жана аспиранттардын илимий-изилдөөчүлүк, конструктордук-тажрыйба ишмердүүлүгүн шыктандыруу жана аларды илимий-инновациялык,  ойлоп табуучулук ишмердүүлүккө тартуу, ошондой эле механизм жана долбоорлоо тармагында жана жаңы машиналарды жаратууда жыйынтыгы, илимий идеялар менен тажрыйба алмашуу болуп эсептелет.

Аталган конференцияга республикабыздын жогорку окуу жайларынын механик окумуштуулары, Кыргызпатенттин кызматкерлери, балдар билим берүү борборлору жана илимий уюмдар, жаш ойлоп табуучулар катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаш ойлоп табуучулардын, балдар техникалык чыгармачылык борборунун көргөзмөсү уюшулуп, ага тажрыйба үлгүлөр, макеттер, экспонаттар коюлуп, көргөн элдин кызыгуусун жаратты.

Жыйынтыгында бул конференциянын катышуучуларына сертификаттар тапшырылды.  

Печать