Search:

Тел:+996 312 68 04 71;   +996 770 98 98 28 

Кутман курак кут болсун!

Бүгүн, 2-сентябрда  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрайымы Динара Молдошева Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун чыгармачыл демилгелерди шыктандыруу бөлүмүнүн башчысы Дамира Түлобердиеваны 60 жаш салтанат-мааракеси менен куттуктады. Төмөндө Төрайымдын куттуктоосун толук келтиребиз. 

“Урматтуу Дамира Мукашевна!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын жалпы эмгек жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди 60 жаш кутман курагыңыз менен чын дилимден куттуктаймын!

         Сиз Б. Бейшеналиева атындагы Искусство институтун ийгиликтүү аяктап, Кыргызпатентке чейин Кыргыз Республикасынын Чыгармачылык жана маданий иштер боюнча илимий-методикалык борборунда, Чүй облустук маданият бөлүмүндө, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Маданиятты жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү мамлекеттик комиссиясында, Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинде эмгектенүү менен такшалып, зор тажрыйба топтогондугуңуз бизге маалым.

2007-жылдан баштап Кыргызпатентке караштуу интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фондунун чыгармачыл демилгелерди шыктандыруу бөлүмүн жетектөө менен Сиз чыгармачылыкты өбөлгөлөө жана колдоо, мектептен тышкары балдар техникалык чыгармачылыгын өнүктүрүү багытында иштерди аткарып келесиз. Жогорку квалификациялуу, принциптүү, иш билги, талапты коё билген жана аткара билген адис катары “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси, ошондой эле Кыргызпатенттин Ардак грамотасы менен сыйлангансыз.

         Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун институт катары иштешине, анын ар бир иш-чарасынын ишке ашуусуна негизги кыймылдаткыч күчү катары Сиздин жеке салымыңыз зор. Эми дагы алдыга коюлган талаптарга ылайык Мамлекеттик фонд үчүн жаңы багыттардагы ишке эки эсе энтузиазм менен киришип, эки эсе энергия менен дагы да салымыңызды кошуп жатасыз. Сиздин эмгегиңизди биз баалайбыз, жеке адамгерчилик касиетериңизди урматтайбыз жана Мамфонддун эл алдындагы милдеттерин ишке ашырууда негизги күч катары Сизге чон ишеним артабыз!

         Урматтуу Дамира Мукашевна, Сизге чын ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөнүзгө бакыт, бейпил жашоо каалайм жана ишиңизди ар дайым ийгиликтер коштоп, эл алдында ак эмгегиңиздин акыбети кайтып, албан-албан ийгиликтерди жарата  берүүңүзгө тилектешмин!”

 

Печать