Search:

Тел:+996 312 68 04 71;   +996 770 98 98 28 

ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ФОНД ИНТЕЛЛЕКТУАЛЬНОЙ СОБСТВЕННОСТИ ПРИ КЫРГЫЗПАТЕНТЕ / Новости  / Окуучулар үчүн интеллектуалдык менчик боюнча класстык саат

Окуучулар үчүн интеллектуалдык менчик боюнча класстык саат

         20-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) алдындагы  интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун кызматкерлери Нарын шаарындагы Билимкана орто мектебинин мектебинин окуучулары үчүн класстык саат өткөзүштү.

Класстык сааттын максаты – жаш муундардын интеллектуалдык менчикке кызыгууларын жогорулатуу, чыгармачылык жөндөмдөрүн өркүндөтүү, интеллектуалдык менчик, санариптештирүү, интернеттин чексиздиги жана анын артыкчылыктары жөнүндө пикир алмашууга багытталган.

Иш-чара Кыргызпатенттин ишмердүүлүгү чагылдырылган видеофильмди көрсөтүүдөн башталды. Дамира Түлөбердиева интеллектуалдык менчик системасына токтолуп, балдардын ойлоп табуулары жөнүндө окуучуларга анимациялык тасма көрсөтүү менен түздөн-түз пикир алышып, Кыргызпатенттин жаштар жана балдарга арналган долбоорлору, сынактары тууралуу маалымат берди. Сапарбек кызы Рабига бүгүнкү күндөгү интернетттин орду жана ролуна токтолуп, андагы социалдык түйүндөрдүн коомдук турмушка таасири чоң экендигин, ошондой эле элдин бири-бири менен байланышы интернет аркылуу жана жаңы маалыматтык технологиялык каражаттар менен түзүлүп жатканын кызыктуу айтып берди.

Окуучулар дагы баарлашууга активдүү катышып, өз ойлорун билдирүү менен кызыккан суроолоруна жооп алышты.

 

 

Печать