Search:

Тел:+996 312 68 04 71;   +996 770 98 98 28 

ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ФОНД ИНТЕЛЛЕКТУАЛЬНОЙ СОБСТВЕННОСТИ ПРИ КЫРГЫЗПАТЕНТЕ / Новости  / Аймактардагы ойлоп табуучулук-компьютердик экспресс-мектептин максаты

Аймактардагы ойлоп табуучулук-компьютердик экспресс-мектептин максаты

         Үстүбүздөгү жылдын 19-21-ноябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) алдындагы интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун кызматкерлери Д. Түлөбердиева, Сапарбек кызы Рабига жана мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын башкы китепканачысы Г. Мокушева С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин базасында  “IP-SCOOL – 2019” аталышында  жогорку класстын окуучулары менен студенттер үчүн ойлоп-табуучулук-копьютердик экспресс-мектептин ачылышын өткөрдү.  

         Анын максаты – студенттердин интеллектуалдык менчик системасы жөнүндө билимин жогорулатуу жана жөндөм-шыктарын ар тараптуу калыптандыруу, техникалык-чыгармачылык аркылуу ой жүгүртүүлөрүн өстүрүү, жаңы идеяларды жана рационализатордук сунуштарды персоналдык компьютердин жардамы менен ишке ашыруу, келечектеги мыкты долбоорлорду иштеп чыгууга багыттоо, интернеттин мүмкүнчүлүгү жана артыкчылыктары жөнүндө ой бөлүшүү болуп саналат.

         Иш-чаранын алкагында Кыргызпатенттин ишмердүүлүгү жөнүндө даректүү тасма көрсөтүлдү. Д. Түлөбердиева интеллектуалдык менчик системасы, Кыргызпатенттин балдар жана жаштарга арналган долбоорлору жөнүндө кенен маалымат берүү менен студенттерге “Дүйнө жүзүндөгү балдардын ойлоп табуулары”  аталышындагы анимациялык фильм сунуштады. Г. Мокушева тарабынан  дүйнөлүк экономиканын өсүшүнө зор салым кошкон, инновациянын таасири боюнча “Ааламды өзгөрткөн ачылыштар” деген темада презентация көрсөтүлдү. Ошондой эле Сапарбек кызы Рабига интернеттин мүмкүнчүлүгү, социалдык тармактар тууралуу баяндама жасады.

         Мындан сырткары “Интеллектуалдык менчиктин объектилери” боюнча студенттер менен окуучулар ортосунда “Интеллектуалдык менчик деген эмне?, “Товардык белгилер”, “Кыргыздардын каада-салтын билесиңби?” деген акыл мелдеши өткөрүлдү. Бул акыл мелдешине окуучулар менен студенттер жигердүү катышуу менен өздөрүнүн кызыккан суроолоруна да жооп ала алышты.       

         Аталган иш-чарага Нарын мамлекеттик университетинин окутуучулары дагы активдүү катышып, өздөрүнүн ишмердүүлүгү боюнча баяндама жасашып, презентация аркылуу кызыктуу маалыматтарды бере алышты. Мисалы, селекциялык жетишкендиктер боюнча А. Жусупбекова студенти Д. Намазбекова менен бүгүнкү күндөгү арпа-үрөндөрдүн сорту, абалы жөнүндө кенен айтып беришсе, ойлоп табуучу И. Турдалиевдин картошкадан жасалган конфеттери катышуучулардын кызыгуусун арттырды, Андан кийин Д. Түлөбердиева кыргыздын каада-салты, нарк-насили жөнүндө кыскача айтып берүү менен салттуу билимдер туурасында анимациялык фильм көргөздү. Педагогика илимдеринин кандидаты, доцент                       Ш. Султаналиева элдик салттуу билимдер, көркөм өнөр жаатындагы омоктуу ойлорун ортого салды. Жогоруда аталган окуу жайдын кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин каднидаты Б. Аман кызы эссе жана анын структурасы, эссе жазуунун атайын жол-жобосу болорун үйрөтүп, тажрыйбасы менен бөлүштү.

         Иш-чаранын жүрүшүндө И. Турдалиевге ойлоп табууларын патенттөөнү  жана чыгармачылык иштерине автордук күбөлүк алуу жөнүндө кеп-кеңештер берилди.

         Иш-чарага С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы, студенттер, Кыргызпатенттин кызматкерлери, ММК өкүлдөрү, бардыгы 90дон ашык адам катышты.

Печать