Search:

(Кыргызча) ,;,ll,l;,l;,l,

ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ФОНД ИНТЕЛЛЕКТУАЛЬНОЙ СОБСТВЕННОСТИ ПРИ КЫРГЫЗПАТЕНТЕ / Новости  / Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборунун (ТИКБ) координаторлору жана аймактык колдонуучулар үчүн вебинар

Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборунун (ТИКБ) координаторлору жана аймактык колдонуучулар үчүн вебинар

Бүгүн, 28-майда Кыргызпатенттин маалыматтык аянтчасында автордук укук жана чектеш укуктар жаатындагы мыйзамдарды аймактарда сактоо зарылдыгы жөнүндө маалыматты жайылтуу жана маалымдуулукту жогорулатуу максатында Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборунун (ТИКБ) координаторлору жана аймактык колдонуучулар үчүн вебинар болуп өттү.

Аталган иш-чарада Кыргызпатентте көп жылдык иш тажрыйбасы бар эксперттер Ырыс Турсуналиева жана Жыпара Садыкова сөз сүйлөп, автордук укукту кантип тастыктоо керектигин, илимий макалалар жана чыгармалардын  укуктарын  коргоо боюнча, ошондой эле автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин каттоого өтүнмөлөрдү кантип берүү керектиги жөнүндө кеӊири айтып беришти.

Жыйынтыгында катышуучулар вебинардан маанилүү кеп-кеӊештерге ээ болгондугун белгилешүү  менен анын кызыктуу форматы үчүн уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти. Ал эми ТИКБнын координаторлору жана колдонуучулары үчүн мындан ары интеллектуалдык менчик жаатындагы тематикалык вебинарлар үзгүлтүксүз өтүп  турат, кийинки иш-чаранын темасы “Өнөр жай менчигин укуктук коргоо” деп аталат.

 

 Маалымат үчүн:

Бүгүнкү күндө республиканын бардык аймактарында 25 ТИКБ ачылган. ТИКБнын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары болуп төмөндөгү кызматтар эсептелет:

— патенттик жана патенттик эмес маалымат базаларын колдонуу;

— маалымат базаларын колдонууга негизделген патенттик изилдөөдө техникалык  маалыматтарды издөөгө көмөктөшүү;

— маалымат базаларын издөө көндүмдөрүнө окутуу. 

— интеллектуалдык менчик жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жөнүндө жалпы маалымат берүү.

 

 

ТИКБ жөнүндө маалымат Кыргызпатенттин алдындагы ИМ Мамфонддун сайтында  www.fund.patent.kg жайгаштырылган.

Печать