Search:

(Кыргызча) ,;,ll,l;,l;,l,

Кыргызпатенттин жамааты техника илимдеринин доктору, профессор, Эл аралык жана Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын академиги, Кыргызпатенттин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун башкармалыгынын мүчөсү — Абдраимов Эмил Самудиновичти  50 жаш мааракеси жана илимий эмгек илимий уюштуруу ишмердүүлүгүнүн 30 жылдык мааракеси менен куттуктайт!

Жаш болсо да өзүнүн эмгек жолунда көптөгөн пайдалуу иштерди жасады. Анын илимий изилдөөлөрү энергетика тармагы үчүн, атап айтканда Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборунда көмүрдү жана күл өткөргүч түтүктөрүн тазалоону түзүү жана ишке киргизүү үчүн колдонулууда. Өзүнүн идеялары, илимий натыйжалары менен эл аралык жыйындарда да тең бөлүшүп келет.

80ден ашык илимий иштердин автору, Евразия патенттик ведомствосунун 4 патентинин жана Кыргызпатенттин ондогон патенттин ээси. Анын жетекчилигинин астында 4 кандидаттык диссертация жакталган.

Ал көптөгөн сыйлыктардын ээси, 2005-жылы  Москвадагы V Эл аралык инновация жана инвестиция салонунда Кыргыз Республикасынын инженердик академиясынын катарында “Өзгөрүлмө түзмөлөө механизмдеринин негизинде машиналарды” иштеп чыккандыгы  үчүн алтын медалы менен сыйланган. 2016-жылы Евразия патенттик уюму тарабынан ойлоп табуу иштерин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн В.И.Блинников атындагы алтын медалы, 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын эмгек сиңирген кызматкери төш белгиси, 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Самудин Абдраимов атындагы Инженердик академиясынын алтын медалы менен сыйланган.

Учурда рычаг балканын жаңы түрүн жаратуу боюнча алдыңкы адис. Эл аралык Инженердик академиясынын  жана Кыргыз Республикасынын инженердик академиясынын “Машина механизмдери теориясы” лабораториясынын башчысы, С.Абдраимов атындагы Инженердик Академиясынын машина куруудагы маселелерди Илимий-изилдөө институтунун жетекчиси болуп талбай эмгектенип келет. Өндүрүш  шартында С. Абдраимовдун механизмдеринин негизинде түзүлгөн жаңы урма машиналарды сыноо жана эскперименталдык изилдөө боюнча иштердин түздөн-түз жетекчиси жана уюштуруучусу.

Урматтуу Эмил Самудинович  50 жаш мааракеңиз кут болсун!

Сизге чың ден-соолук, бакты-таалай, бакубат жашоо, жаркын маанай каалайбыз. Жашооңуз өргө чыга берсин, өмүр жолуңузда жакшылыктар коштоп, Сизди бийик чокуга жеткирип жөлөк болчу адамдар жаныңызда көп болсун.

Сизге мындан ары да жогорку кесипкөйлүктү жана мыкты жеке сапаттарды ийгиликтүү айкалыштырган инсандын жаркын үлгүсү болууңузга тилектешпиз.

Кыргызпатенттин жетекчилиги жана эмгек жамааты!

Печать