40 райондон 40 демилге

17 августта “40 райондон 40 демилге” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоону өткөрүүнүн тартибин чагылдыруу үчүн Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду (Катчылык) бүгүн онлай ZOOM платформасында жолугушууларды өткөрдү.
Жолугушууда райондук мамлекеттик администрацияларынын башчылары, жооптуулар жана айыл өкмөттөрдун башчылары жана өкүлдөрү катышышты.

Иш чаранын жүрүшүндө Катчылык тарабынан “40 райондон 40 демилге” долбоору боюнча аймактарда иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоонун тартиби боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Белгилей кетсек, “40 райондон 40 демилге” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоо тартиби жөнүндө жобосу 2022-жылдын 29-июлунда №411 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Токтому менен бекитилген.

Тандоонун максаты – аймактардын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жетишүү үчүн экономиканы, илимди жана техниканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча инновациялык долбоорлорго өбөлгө түзүү жана аларды илгерилетүү саналат.

Мындан сырткары, катышуучулар жеке бизнесин өнүктүрүү, бизнес-план жазуу боюнча сунуш-кеңешмелерди алууга жана инвесторлорду табуу үчүн эки айлык акселлерациялык программадан өтүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Тандоого катышуу үчүн 2022-жылдын 15-октябрына чейин өтүнмөнүн формасын толтуруп, райондук мамлекеттик администрациялар аркылуу Кыргызпатентке тапшыруу зарыл.

Тандоонун тартиби жөнүндө жобо жана өтүнмөнүн формасы:

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондор аркылуу байланышсаныздар болот: 0312 680471, 0504 40 20 50, 0755 11 44 24.