“7 жаш автор” республикалык адабий сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу  Интеллектуалдык менчик жана инновациялар  мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) тарабынан жарыяланган  “7 жаш автор” республикалык адабий сынагы жыйынтыкталып, анын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Жалпыга маалым, Кыргызпатент дайыма чыгармачыл жарандарга ар тараптан колдоо көрсөтүп, түрдүү долбоорлорду ишке ашырып келет. Алардын катарына “7 жаш автор” республикалык  адабий сынагын кошсок да болот.

“7 жаш автор” республикалык адабий сынагы   2022-жылдын 15-мартынан 31-июлуна чейин жарыяланган. Сынакка катышуу үчүн 25 өтүнмө келип түшкөн. Анын ичинен Жобонун талабына ылайык деп табылган 20 автордун чыгармачылык эмгектери Калыстар тобуна жөнөтүлгөн.

Белгилей кетчү жагдай, калыстар тобуна чыгармачылык иштердин авторлорунун аты-жөнү, жаш курагы, окуган (иштеген) жери, жашаган аймагы ж.б. маалыматтар жашырылып, атайы сыр номер менен жөнөтүлгөн. Ошондой эле калыстар тобуна кимдер киргени белгисиз да болгон.

Ошентип сын электен өтүп, көркөмдүүлүгү, көтөргөн актуалдуулугу салмактанып көрүлүү менен калыстар тобунун баалоосунун жыйынтыгында өз чыйырын, өз үнүн табууга, поэзия, прозага жаңылык алып келүүгө, адабият айдыңына чыгууга далалат кылган  төмөндөгү авторлор жеңүүчү деп табылды:

  • А. Кулишева. “Шыбыргак. Жамгыр жууган терезе”;
  • Ч. Босумбаева. “Кармап алдым бир ууч жылдыз”;
  • Н. Абдрахманов.  “Сынак”;
  • А. Абдыкайымова. “Кагазда калган сезимдер”;
  • Кеңеш кызы Айпери. “Берешен жашоом”;
  • А. Мирланова. “Күн желесинин өлкөсү”;
  • Ч. Урматбеков. “Өчпөсүн өмүр жарыгы”.

Эске сала кетсек, Кыргызпатент “7 жаш автор”  республикалык адабий сынагын 2009-жылдан бери ишке ашырып келет.