Кыргызпатентте Комуз күнү белгиленди

9-сентябрда мамлекеттик тилдин бир айлыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинде (Кыргызпатент) Комуз күнү белгиленди.

Маданий иш-чараны  Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева ачып берип, куттуктоо сөзүндө: “Комуз кыргыз элинин салттуу маданиятында өзгөчө орунду ээлейт. Комуздун күүлөрү өзүнө философиялык ойлорду, жашоо-турмушту жана маданияттын өзгөчөлүгүн камтып, муундан-муунга өтүп, биздин күндөргө чейин жетти. Мындан ары да кылым карыткан кыргыз комузунун добушу таңшып, бүткүл дүйнөгө тарала берсин. Комуз – ата-бабабыздан калган таберик мурас. Аны көздүн карегиндей сактап, келечек муунга өткөрүп берүү ар бирибиздин парзыбыз”, — деп айтты.

Бул иш-чарада Мураталы Күрөнкеев атындагы музыкалык окуу жайдын студенттери Муратбек уулу Нурдан, Руслан Закиров белгилүү комузчулар Ниязалы Борошевдин “Кара өзгөй”, “Кер толгоо”, ошондой эле Атай Огомбаевдин “Ак тамак, көк тамак” күүлөрүн чертишти, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студенттери Мунаркан уулу Азиретхан жана Борошбек уулу Бекмамат көрүнүктүү обончулар Чубак Сатаевдин “Эне тил” жана Асанкалый Керимбаевдин “Гүлдөр гүлгө арзуу айтып ачылат” аттуу ырларын аткарышса, жаш акындар Миргул Наралиева менен Чынасыл Урматбеков комуз, эне тилге арналган өз ырларын көркөм окуп беришти.

Эске сала кетсек, КР Президентинин 2019-жылы июлда кол койгон жарлыгына ылайык, “9-сентябрь – Кыргызстанда Комуз күнү” деп белгиленген.

Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow