Улуттук сынак

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) уюштурган Кыргыз Республикасынын авторлорунун арасындагы Улуттук сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды!
Ар бир номинация боюнча эмгектенген Калыстар тобунун баалоосунун жыйынтыгында, ой-пикир, сунуштарды эске алып, Кыргызпатенттин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун Ведомстволор аралык жумушчу комиссиясынын көпчүлүгүнүн добушу жана Башкармалыктын чечими менен төмөндөгү авторлор жеңүүчү деп табылды.
“Проза” номинациясы: Мамбетов Кубанбек – “Күкүрт болгон күндөлүк”; Бейшеналиева Динара – “Бар”; Юсупов Догдурбек – “Алтын кол”.
“Илимий-популярдуу чыгарма” номинациясы боюнча: Монолдоров Шейшембек – “Кыргыздын улуттук оймосу – көчмөн доордун көрөңгөсү”.
“Драматургия” номинациясы боюнча: Осмонов Жумабек – “Шабдалы гүлү”.
“Иллюстрацияланган балдар адабияты”: Бекбоева Айдай – “Роза гүлүнүн туулган күнү”; Толокова Элмира – “Жашынмак”; Кадыров Ысмайыл – “Канаттуулар дүйнөсү”; Ахмедулин Нургазы – “Куунак көңүл – көктөмдө”.
Эмесе, Кыргыз Республикасынын авторлорунун арасындагы Улуттук сынактын жеңүүчүлөрүнө, дегеле бардык калемгерлерге чыгармачылык ийгилик жана жаңы табылгаларды каалайбыз!
…………………….
Определились победители Национального конкурса среди авторов Кыргызской Республики, организованного Кыргызпатентом.
По итогам конкурса большинством голосов межведомственной рабочей комиссии Государственного фонда интеллектуальной собственности и решения Правления, в номинации «Проза» победили Кубанбек Мамбетов с произведением «Күкүрт болгон күндөлүк»; Динара Бейшеналиева с произведением «Бар» и Догдурбек Юсупов, представивший на конкурс произведение «Алтын кол».
В номинации «Популярно-научная работа» победа присуждена Шейшембеку Монолдорову – автору произведения «Кыргыздын улуттук оймосу – көчмөн доордун көрөңгөсү»; в номинации «Драматургия» выиграл Джумабек Осмонов с произведением «Шабдалы гүлү».
В номинации «Иллюстрированная детская литература» самыми лучшими стали: Айдай Бекбоева – «Роза гүлүнүн туулган күнү»; Эльмира Толокова — «Жашынмак”; Ысмайыл Кадыров — «Канаттуулар дүйнөсү» и Нургазы Ахмедулин «Куунак көңүл – көктөмдө».
Коллектив Кыргызпатента желает победителям Национального конкурса и всем литераторам творческих успехов и новых открытий!
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow