40 райондон 40 демилге

2022-жылдын 17-октябрында “40 райондон 40 демилге” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоого өтүнмөлөрдү кабыл алуу аяктады. Тандоого жалпысынан 98 өтүнмө келип түштү, анын 73 жеке жактардан, ал эми 25 өтүнмө юридикалык жактардан.
Эскерте кетсек, өтүнмөлөр эч кандай чектөөлөрсүз, экономиканын бардык сектордун багыттары боюнча кабыл алынды.
Бардык тандоо баскычтарынан ийгиликтүү өткөн, жаңычылыдыгы менен өзгөчөлөнгөн бир  инновациялык долбоорго 1 000 000 сомго чейин каржылык жардам көрсөтүлөт.

Региондор боюнча бөлүштүргөндө: Жалал-Абад областынан – 26 өтүнмө, Ош областынан – 16 өтүнмө, Ысык-Көл областынан – 15 өтүнмө, Нарын областынан – 14 өтүнмө, Баткен областынан – 11 өтүнмө, Чүй областынан – 9 өтүнмө, Талас областынан – 7 өтүнмө.

Тармактар боюнча бөлүштүрүү: Өндүрүш – 61; Тейлөө чөйрөсү – 10; Агромаданият – 21; Билим берүү – 2; Кайра иштетүү – 3; Туризм – 1.

Кийинки этап акселерациялык программаны өтүү үчүн кандидаттарды алдын ала тандап алууну көздөйт. Катышуучулар үчүн бизнес пландоо, маркетингдик көндүмдөр жана питчинг боюнча акысыз окутуу жүргүзүлөт.

Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow