Рух-Бейне

Бүгүн Кыргызпатенттин алдындагы Инновациялык борбордо Россия Федерациясынын акын-жазуучулары союзу уюштурган “Золотое перо Руси” адабий конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. Салтанаттуу иш-чаранын алкагында “Золотое перо Руси” адабий конкурсунун жеңүүчүлөрү сыйланып, адабий сыйлыкты “Рух-Бейне” эл аралык чыгармачылык академиясынын жетекчиси Кайыр Сыдыкова тапшырды. Иш-чара Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду жана “Рух-Бейне” эл аралык чыгармачылык академиясы тарабынан уюштурулду. Бул иш-чарага белгилүү акын-жазуучулар, Кыргызпатенттин кызматкерлери жана Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студенттери катышты.

Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow