СЫЙЛЫГЫҢЫЗДАР КУТ БОЛСУН!

СЫЙЛЫГЫҢЫЗДАР КУТ БОЛСУН!

Бүгүн, 26-апрель – Интеллектуалдык менчиктин эл аралык жана Улуттук күнү! Майрамга карата “Аялдар жана интеллектуалдык менчик – инновациялардын жана чыгармачылыктын катализатору” аталышында өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чарада кызматтык милдеттерин ак ниет жана так аткаргандыгы үчүн Кыргызпатенттин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун кызматкерлери: ойлоп табуучулук ишмердүүлүктү колдоо бөлүмүнүн башчысы Венера Имангазиева жана Бакыт Бейшенова “Патент кызматынын отличниги” төш белгиси, башкы адис Нурзида Токтосунова жана жетектөөчү адис Асел Бекбаева Кыргызпатенттин Ардак грамотасы менен сыйланышты.
Сыйлык – сыймык, ардактуу кесиптештер! Сиздерди бүгүнкү сыйлыгыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Биз сиздер менен сыймыктанабыз! Мындан ары да интеллектуалдык менчикке болгон сый-урмат мамилени калыптандыруунун үстүндө үзүрлүү иштей беришиңиздерге тилектешпиз. Ошондой эле Сиздерге бекем ден соолук, ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди, жаз айындагыдай жаадыраган маанайды, үй-бүлөңүздөргө ынтымак, ырыскы-кут, береке каалайбыз. Жараткан бардык жакшылыкты сиздерге ыроолоп, жүзүңүздөрдөн ар дайым жылмаюу кетпесин, жүрөгүңүздөр сүйүнүчкө толуп турсун! Ойлогон оюңуздар, тилеген тилегиңиздер орундалсын! Жаркырап арабызда дайым бар болуңуздар!

Кыргызпатенттин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун эмгек жамааты

Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow