Кыргызпатенттин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун аткаруучу директорунун орун басары Т. Муктаров жана чыгармачылык демилгелерди шыктандыруу бөлүмүнүн кызматкерлери Чүй облусуна караштуу Кемин райондук балдар жана өспүрүмдөр борборунун директору Г. Сматовага эки техникалык ийримди ачууга 100 миң сомдук шаймандарды тапшырды.

2023-жылдын 29-майында Кыргызпатенттин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун аткаруучу директорунун орун басары Т. Муктаров жана чыгармачылык демилгелерди шыктандыруу бөлүмүнүн кызматкерлери Чүй облусуна караштуу Кемин райондук балдар жана өспүрүмдөр борборунун директору Г. Сматовага эки техникалык ийримди ачууга 100 миң сомдук шаймандарды тапшырды.
Анын ичинде фрезердик станоктор, 8 бөлүктөн турган шаймандар топтому, лобзик, болгарка, паяльник жана башка бир топ шаймандар балдардын инженердик,ойлоп табуучулук жөндөмүн өнүктүрүүгө берилди. Ошондой эле шаймандарды Ноокат райондук балдар чыгармачылык борборуна техникалык ийримди жабдуу катарында 18-майда Кыргыз-Өзбек университетинин базасында өткөрүлүп жаткан иш-чарада тапшырылган.
Баса белгилеп кетчүү жагдай, Кыргызпатент 2016-2023-жылдар аралыгында республика боюнча региондордо 54 балдардын техникалык ийримин, 7 фольклордук ансамблин ачуу долбоорун ишке ашырды. Анын натыйжасында республика боюнча миңдеген окуучулар жаңы технологиялар, инженердик-техникалык чыгармачылыктын жана искусство дүйнөсүнө кошула алышты.
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow