20-июнда Кыргызпатент тарабынан студенттер үчүн "Илим жана инновациялар дүйнөсү" аттуу воркшоп өткөрүлдү

20-июнда Кыргызпатент тарабынан студенттер үчүн «Илим жана инновациялар дүйнөсү» аттуу воркшоп өткөрүлдү.
Иш-чарага философия илимдеринин доктору, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору Бокошов Жамгырбек Бокошович чакырылган. Өз презентациясында Ж. Бокошов “Келечекти изилдөө”, “Форсайт-ойлом”, “Футур-сабатуулук” сыяктуу дүйнөлүк тажрыйбалар менен бөлүштү. Кыргызстандагы жаштар чыгармачылык, илимий-техникалык жана инновациялык ишмердүүлүктү уюштурууда келечекти ойлоо керек экенин, ошондой эле креатив (чыгармачыл), сынчыл, стратегиялык, аналитикалык ойлом методологияларды өздөштүрүүсү зарыл экенин белгиледи.
Иш-чаранын алкагында, студенттер үчүн Кыргызпатент ишке ашырып жаткан долбоорлор жөнүндө маалыматтар берилди жана Инновациялык борбор менен тааныштыруу экскурсия уюштурулду.
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow