Бүгүн 5-июлда “40 райондон 40 демилге” долбоору боюнча республиканын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоо өткөрүүнүн тартибин чагылдыруу үчүн Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду (Катчылык) ZOOM онлайн платформасында жолугушуу өткөрдү

Бүгүн 5-июлда “40 райондон 40 демилге” долбоору боюнча республиканын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоо өткөрүүнүн тартибин чагылдыруу үчүн Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду (Катчылык) ZOOM онлайн платформасында жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууга Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ыссык-Көл облустарындагы райондук мамлекеттик администрациялардын, айыл өкмөттөрдүн өкүлдөрү жана жеке ишкерлер катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Катчылык тарабынан аймактарда иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоонун тартиби жөнүндө, ошондой эле 2022-жылдын тандоо иштеринин жыйынтыктары боюнча маалыматтар берилди.
Белгилгилей кетсек, тандоонун максаты – республиканын бардык аймактарында ойлоп табуучулук жана инновациялык ишке жарандардын кызыкчылыгын жана жигердүүлүгүн жогорулатуу жана колдоо, ошондой эле өнүгүп келе жаткан рынокту илгерилетүү жана экономиканы жакшыртуу болуп саналат.
Тандоого катышуу үчүн 2023-жылдын 1-августуна чейин өтүнмөнүн формасы толтурулуп, райондук мамлекеттик администрациялар аркылуу Кыргызпатентке жөнөтүлөт.
“40 райондон 40 демилге” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоо тартиби жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы №411 токтому менен бекитилген.
Тандоонун тартиби жөнүндө жобо жана өтүнмөнүн формасы:
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондор аркылуу байланышсаңыздар болот: 0312 680471, 0755 11 44 24.
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow