Бүгүн 11-июлда “40 райондон 40 демилге” долбоору боюнча республиканын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди, стартаптарды тандоо өткөрүүнүн тартибин чагылдыруу үчүн Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду (Катчылык) ZOOM онлайн платформасында жолугушуу өткөрдү

Бүгүн 11-июлда “40 райондон 40 демилге” долбоору боюнча республиканын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди, стартаптарды тандоо өткөрүүнүн тартибин чагылдыруу үчүн Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду (Катчылык) ZOOM онлайн платформасында жолугушуу өткөрдү. Белгилей кетсек, Кыргызпатент стартаптарды 500 000 сомго чейин дагы колдойт!
Жолугушууга райондук мамлекеттик администрациялардын, айыл өкмөттөрдүн өкүлдөрү жана жеке ишкерлер, жалпысынан 89 адам катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Катчылык тарабынан аймактарда иштелип чыккан инновациялык демилгелерди, стартаптарды тандоонун тартиби жөнүндө, ошондой эле 2022-жылдын тандоо иштеринин жыйынтыктары боюнча маалыматтар берилди.
Тандоого катышуу үчүн 2023-жылдын 1-августуна чейин инновациялык демилгелердин жана стартаптардын өтүнмөлөрүнүн формалары толтурулуп, райондук мамлекеттик администрациялар аркылуу Кыргызпатентке жөнөтүлөт.
“40 райондон 40 демилге” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди, стартаптарды тандоо тартиби жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы №333 токтому менен бекитилген.
Тандоонун тартиби жөнүндө жобо жана өтүнмөнүн формасы:
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондор аркылуу байланышсаңыздар болот: 0312 680471, 0755 11 44 24.
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow