40 райондон 40 демилге

Кыргызпатент 2023-жылдын 1-августунда “40 райондон 40 демилге” долбоорунун алкагында, тандоого өтүнмөлөрдү кабыл алууну аяктады. Тандоого жалпысынан 245 өтүнмө келип түштү, анын ичинен 132 инновациялык демилге катары, 113 стартап катары түшкөн.

Жалпы өтүнмөлөрдүн ичинен 210 өтүнмө жеке жактардан, 35 өтүнмө юридикалык уюмдардан катталды. Ошондой эле, 164 өтүнмө мамлекеттик тилде, 81 өтүнмө расмий тилде берилген.

Өтүнмөлөрдү гендердик бөлүштүрүү боюнча – 140 өтүнмө эркектерден, 105 өтүнмө аялдардан келип түшкөн.
Тандоого катышууга жалпы түшкөн долбоорлордун тизмеги тиркемеде.

Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow