Бизде жакшы жаңылык

Кыргызпатенттин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду уюштурган “Жаш жаратман” республикалык олимпиадасынын жеңүүчүлөрү, Ак-Суу райондук балдарга билим берүү борборунун окуучулары Казыбаев Жаныш менен Элеманов Азиз мугалими Т. Иманбековдун жетекчилиги астында Түркия мамлекетинин чакыруусу менен “Технофест” эл аралык фестивалга катышуу үчүн жөнөп кетишти. Робототехника боюнча өтө турган бул иш-чарага 130га чукул өлкөнүн өкүлдөрү катышуусу күтүлүүдө.
Эске сала кетсек, 2019-жылы Кыргызпатенттин көмөгү, Түркия кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Кыргызстандагы программалык өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен Ак-Суу, Талас, Кадамжай райондук жана Ош шаардык “Мээрим” балдарга билим берүү борборлоруна робототехника ийримдери үчүн техникалык каражаттар (компьютер, 3Д принтер, робототехника ийримдерине арналган топтомдор) тапшырылган.
Ошол иштин натыйжасында балдарга билим берүү борборунун окуучулары түрдүү эл аралык конкурстар, олимпиадаларга катышып, ийгиликтерге жетишип жатканы кимди болбосун кубандырат.
Түркиядагы эл аралык фестивалдын катышуучулары, Ак-Суу райондук балдарга билим берүү борборунун окуучуларына “Жолуңар шыдыр болсун! Жеңил барып, оор келгиле, жеңиш менен кайткыла!” деген каалоо-тилектерди билдиребиз.
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow