Бизнести пландаштыруу боюнча тренинг

Бүгүн 22-сентябрда «40 райондон 40 демилге» долбоорунун алдын ала тандалып алынган 34 катышуучусу үчүн “Alfa Leader” тренинг-консалтинг компаниясынын консультанты Назгүл Шекекова бизнести пландаштыруу боюнча тренинг өткөрдү. Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар бизнес-пландын түзүмү менен таанышышты. Алар тренингден конкреттүү кырдаалдын мисалында бизнести кантип пландаштыруу керек, кандай маалымат чогултуу жана талдоо жүргүзүү, бизнес-система деген эмне жана ал кандай подсистемалардан турарын билишти. Тренингдин алкагында катышуучулар үй тапшырмаларын алышты, алардын натыйжаларын тренерлер менен жекече коучингдик сессиялардын учурунда талкуулай алышат.

Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow