Көркөм адабиятка кадам

Көңүл буруңуздар!
Жаш калемгерлер үчүн “Көркөм адабиятка кадам” окутуу семинары!
 
2023-жылдын 18-20-октябрь күндөрү Кыргызпатент онлайн форматта чыгармачылыкка жаңыдан кадам таштаган жаш авторлор үчүн окутуу семинарын өткөрөт.

Семинардын максаты:
-Республиканын аймактарынан көркөм чыгарма жазууга аракет кылган таланттуу жаш калемгерлерди аныктоо, аларды адабий чеберчиликке үйрөтүү;
-Чыгармачылыгын андан ары өркүндөтүп-өстүрүп кетүүсүнө колдоо көрсөтүү, чыгармачылыгына кесипкөйлөр тарабынан баа алуусуна мүмкүнчүлүк берүү;
-Сын-пикир айтуу боюнча аянтча түзүү, автордук укук боюнча маалымат алуу;
-Авторлордун өзүн-өзү өстүрүүсүнө шарт түзүү.

Семинарга белгилүү адабият таануучулар, окумуштуулар, ошондой эле жаш авторлор катышат.