Жаш калемгерлер үчүн окутуу семинары өттү

Кыргызпатент 2023-жылдын 18-19-20-октябрында жаш калемгерлерди адабий чеберчиликке үйрөтүү боюнча “Устат-шакирт: Көркөм адабиятка кадам” аталышындагы үч күндүк онлайн-семинар өткөрдү.

Семинардын максаты: көркөм чыгарма жазууга аракет кылган таланттуу жаш калемгерлерди аныктоо, аларды адабий чеберчиликке үйрөтүү; чыгармачылыгын андан ары өркүндөтүп-өстүрүп кетүүсүнө колдоо көрсөтүү; автордук укук боюнча маалымат берүү.

Иш-чаранын жүрүшүндө филология илимдеринин кандидаты, «Ала-Тоо» эл аралык университетинин филология кафедрасынын башчысы Казакова Нурзат “Көркөм чыгарма: мүнөз жана конфликт” темасында,  филология илимдеринин кандидаты, Кыргыз-Түрк “Манас”  университетинин улук окутуучусу Станалиева Гүлзада “Көркөм чыгарманын темасы жана идеясы” темасында, ал эми акын, А. Осмонов атындагы адабий сыйлыктын ээси, Кыргыз-Түрк “Манас”  университетинин окутуучусу Исмаилов Алтынбек “Кыргыз ыр түзүлүшү” темасында сабак өтсө, автордук укук жана аны коргоо боюнча Кыргызпатенттин  автордук укук жана чектеш укуктар башкармалыгынын начальниги Кудайбердиева Гүлбара презентация жасап, катышуучулардын кызыгуусун арттырды.

Семинардын алкагында спикерлер тарабынан учурдагы адабияттын абалы, көркөм чыгарма жаратуунун күнгөй-тескейи, жаш авторлордун көбүндө кездешүүчү мүчүлүштүктөр ортого салынып, аны чечүүнүн жолдорун кызуу талкууга алышты. Мындан сырткары, семинардын катышуучулары үчүн да өзүнчө тапшырмалар, суроолор, тесттер да берилип, көпчүлүгү туура аткарышты.

Семинардын жыйынтыгында катышуучулар уюштуруучулардан жаш калемгерлер үчүн мындай окутуу семинар-тренингдерди көп өткөрүп турууну өтүнүштү жана ал автордун өзүн-өзү өстүрүүсүнө өбөлгө түзөрүн, чыгармачылкка колдоо көрсөтүп, дем-шык берерин белгилешти. Ошондой эле көркөм адабият жаатында, чыгармачылыкка багытталган сунуш-пикирлерин билдиришти.

Аталган үч күндүк окутуу семинарга республикабыздын бардык аймагынан жаш авторлор, окуучулар, мугалимдер, адабий бирикмелердин мүчөлөрү, жалпысынан 300гө жакын адам катышты.

Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow