StartUp Students Финал 2023
StartUp Students Финал 2023
15-ноябрда Инновациялык борбордо Кыргызпатент тарабынан өткөрүлгөн “Startup Students” конкурсунун финалы өттү.
Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева иш-чараны ачып жатып, Кыргызпатент тарабынан конкурстарды өткөрүү жолу менен стартаптарды колдоо үчүн ар кандай долбоорлор ишке ашырылып жатканын, ошондой эле бүгүнкү иш-чара республиканын бардык региондорундагы студенттердин стартап-долбоорлоруна дем берүү, жаштардын ойлоп табуучулук жана инновациялык ишмердүүлүккө кызыгуусун жана активдүүлүгүн жогорулатуу максатында өткөрүлүп жатканын белгиледи.
Иш-чарада алдын ала тандоонун жыйынтыгы боюнча финалга чыккан 11 стартаптардын ээлери өздөрүнүн долбоорлору менен тааныштырышты. Берилген 5 мүнөттүн ичинде финалисттер өз долбоорлорунун көйгөйлөрүн, чечимдерин, инновациялуулугун жана концепциясы боюнча презентация кылышты.
Конкурстук комиссия тарабынан ар бир катышуучуга кесиптик баа, ошондой эле студенттерге стартап долбоорлорун ишке ашыруу үчүн кеңештер жана сунуштар берилди.
Комиссиянын чечиминин жыйынтыгы боюнча Кыргызпатенттин баалуу сыйлыктары менен төмөнкү 3 стартап-долбоорлордун ээлери сыйланышты:
I орун – «Санариптик технологияны колдонуу менен жүрөк жетишсиздигин эрте белгилөө жана анын өнүгүшүн алдын алуу» стартабы менен Имран Мустафа, «Адам» университетинин студенти.
II орун – «Диурезди жана заара агымынын ылдамдыгын өлчөөчү аспабы» стартабы менен Харитонов Максим, И.Ахунбаев атындагы КММАнын студенти.
III орун – «МультStudio» стартабы менен Абдикамилова Алия, Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун студенти.
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide