Кыргызпатент улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине карата бир катар иш-чараларды уюштурууда.

Бүгүн, 8-декабрда Гапар Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинде Марис Кунакуновдун “Манас жана Чыңгыз” деп аталган жеке көргөзмөсү болуп өттү.
Анда автордун кыл калемине таандык, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына таасирленип жаралган сүрөттөр көрүүчүлөрдүн сынына коюлган. “Кылым карытаар бир күн”, “Жамиля”, “Бетме-бет”, “Кассандранын эн тамгасы” жана башка чыгармаларындагы элестер жандуу чагылдырылган.
Андан тышкары, Кыргызпатенттин колдоосу менен жарык көргөн “Манас жана Чыңгыз” деген аталыштагы китептин бет ачаар аземи да ушул күнгө туш келген.
Белгилей кетсек, Кунакунов көптөн бери эки теманын үстүндө жемиштүү иш алып барып келет. Бири – “Манас” эпосу, ал эми экинчиси – Чыңгыз Айтматовдун ааламы. Республикабызын белгилүү искусство таануучусу Ольга Попова: “Марис Кунакунов кыргыз искусствосунда Айтматовдун чыгармаларын авангардикалык стилде сүрөттөп чагылдырууга эң алгачкылардан болуп батынган”, деп так аныктама берген.
Иш-чаранын расмий бөлүгүндө, автордун чыгармачылыгы менен тааныш инсандар, Ч. Айтматов таануучулар, адабиятчылар, төкмө акындар келип куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.
КР Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Улан Исмаилбеков иш-чарага катышып, “Кыргызпатент ар дайым чыгармачыл инсандарды колдоп келет. Бүгүнкү иш-чаранын башкы каарманы Марис Кунакуновдун да “Манас жана Чыңгыз” китеби Кыргызпатенттин колдоосу менен жарык көрдү” деп билдирди.
Ачылыш аземинде Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган чакан оюн тартууланды. Жакынкы күндөрдө Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине жана Адабият күнүнө карата Кыргызпатент уюштурган бир катар иш-чаралар болоору күтүлүүдө.
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow