КЫРГЫЗПАТЕНТ “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ КИТЕБИ” СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮНӨ СЫЙЛЫКТАРДЫ ТАПШЫРДЫ

Бүгүн, 2023-жылдын 12-декабрында, “Жылдын мыкты китеби” сынагынын жеңүүчүлөрүнө Ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Иш-чара Адабият күнүнө жана Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине карата уюштурулган. “Жылдын мыкты китеби” сынагы 2023-жылдын 10-июлунан 5-сентябрына чейин созулуп, соңку эки жылда жарык көргөн 350гө жакын китептин ичинен Жобого ылайык деп табылган: проза багыты – 23 китеп, поэзия – 24, балдар адабияты боюнча – 6 китеп Калыстар тобунун кароосуна сунушталган.
Калыстар тобунун баалоосу жана сунуш-пикирлеринин негизинде төмөнкүлөр жеңүүчү деп табылды:
– “Жылдын мыкты жазуучусу” номинациясы боюнча Калканбай Ашымбаев;
–“Жылдын мыкты прозасы” номинациясы боюнча Бейшенбай Усубалиевдин “Зоока” китеби;
–“Жылдын мыкты поэзиясы” номинациясы боюнча Бердибек Жамгырчиевдин “Романтика” китеби;
–“Жылдын мыкты балдар адабияты” номинациясы боюнча Байтемир Асаналиевдин “Балдан ширин балалык” китеби;
– “Жылдын мыкты басмасы” номинациясы боюнча “Кут-Бер” басмасы;
–Ал эми баш байге, “Жылдын мыкты китеби” номинациясы Элмирбек Иманалиевдин “Аманат” китебине ыйгарылды.
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow