КЫРГЫЗПАТЕНТТЕ “СААМАЛЫК-17” КИТЕБИНИН БЕТ АЧААР АЗЕМИ ӨТТҮ

Бүгүн, 12-декабрда, Кыргызпатентке караштуу Инновациялык борбордо, “Саамалык-17” китебинин бет ачар аземи болуп өттү. Белгилей кетсек, калемгерлердин туңгуч чыгармалары топтолгон “Саамалык” адабий альманахы 2000-жылдан бери жарык көрүп келе жатат.
Быйыл, чыгармачылыкка жаңыдан кадам таштаган авторлор арасындагы “Саамалык – 17” республикалык адабий конкурсу 2022-жылдын 1-декабрында жарыяланып, 2023-жылдын 25-апрелине чейин өтүнмөлөр кабыл алынган. Конкурска катышуу үчүн жалпысынан 106 автордон кайрылуу келип түшкөн. “Саамалык – 17” адабий альманахка 42 автордун чыгармачылык эмгектери кирген.
Иш-чаранын максаты – авторлорду, басылма ээлерин, инновациялык идеяларды жана тажрыйбаларды колдоо, илим, билим берүү, маданий чөйрөдө китепти жана окууну андан ары жайылтууга көмөк көрсөтүү, жаш калемгерлердин чыгармачылыгына өбөлгө түзүү, аймактарда жаш таланттарды аныктоо болуп эсептелет.
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow