19 декабрь күнү “40 райондон 40 демилге” долбоорунун алкагында республиканын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди жана стартаптарды жыйынтыктоочу тандоо болуп өттү.

Иш-чарада акселерациялык программадан өткөн 27 катышуучу министрликтердин, ведомстволордун жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн турган Ведомстволор аралык комиссияга өздөрүнүн долбоорлорунун бетачарларын жасашты.
Ведомстволор аралык комиссия тарабынан 4 инновациялык демилге жана 4 стартап тандалып алынды:
Инновациялык демилгелер:
1. Турдубеков Нурсултан, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу району. KIT-Drone- бул талаа иштетүү процесин оптималдаштыруу максатында жер семирткичтерди чачуу үчүн айыл чарба дронун түзүү жана ишке киргизүү.
2. Аманбаев Арапбай, Ош облусунун Өзгөн району. ЭКО Таш — табигый таш аркылуу “жашыл” экономикага.
3. Матураимов Муктарали, Баткен облусунун Лейлек району. Бал челекчиликти өнүктүрүү– асыл тукум аары үй-бүлөлөрүнөн экологиялык жактан таза балчылык продукциясын өндүрүү.
4. Арзыбаева Азада, Баткен облусунун Кадамжай району. “Кызыл как”-этүү томат сортунан замамбап технологияларды колдонуп, помидорлорду кургатуу жолу менен зыяны жок, кызыл кактарды өндүрүү.
Стартаптар:
1. Гумеров Радмир, Чүй облусунун Чүй району. «HIVA» түзүлүшү- голограмма эффектиси бар аппаратты жана кызматтар боюнча консультация берүү процессин автоматташтырган үн менен жардам берүү системасын иштеп чыгуу.
2. Саматова Гульмира, Баткен облусунун Кадамжай району. “Violet gold” лаванда талаасы.
3. Молдобаева Бегимжан, Нарын облусунун Ат-Башы району. Жүндү кайра иштетүү, жүндөн органикалык жер семирткичтерди өндүрүү.
4. Султанов Зарылбек, Нарын облусунун Нарын району. Гидропоникалык тоют — жаңы технологияларды колдонуу менен гидропоникалык тоюттарды өндүрүү.