Кыргызпатенттин Түштүк аймактар аралык бөлүмүнүн кызматкерлери, 2022-жылдын “40 райондон 40 демилге” долбоорунун жеңүүчүлөрү Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айылындагы З. Досатов жана Баткен районундагы Кара-Бак айылындагы Т.Төлөмүшов менен жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушуунун алкагында, жеңүүчүлөр алган жабдуулары боюнча бетачар кылышты.
Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айылындагы З. Досатов “Аз түшүм берүү дөңсөөлүү жерде биогумусту пайдалануу менен кызыл өрүк бакчасын “акылдуу” тамчылатып сугаруу” долбоорун ишке ашыруу максатында 6 гектар дөңсөөлүү жерде “акылдуу” тамчылатып сугаруу боюнча суу жана электр энергиясын орнотту, ошондой эле тамчылатуу системасынын бардык монтаж иштери аяктады. Долбоорду ишке ашыруу боюнча жалпысынан 80% иштери аткарылды. 2000 түп кызыл өрүк багын отургузуу иштери гана калды. Көчөттөр Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айрыбаз айылында «Арпа сай» питомнигинен “Субхани” сортун сатып алуу пландаштырылууда.
Ал эми, Баткен районундагы Кара-Бак айылында жайгашкан жеке ишкер Т.Төлөмүшов 955 000 сомго сатылып алынган керектүү жабдуулары бүгүнкү күндө ишке киргизилди. Өндүргөн продукциясын жайылтуу жана популяризациялоо максатында 3 ири көргөзмөлөргө катышкан («Organic expo 2023», «Кыргыз Экспо», «Алтын күз»), жыйынтыгында өндүргөн азыктарга Россиянын жана Кыргызстандын шаарларынан көптөгөн сунуштар, буйрутмалар берилүүдө. Кооперативдин өрүктү кайра иштетүүчү логистикалык борборунда органикалык таза азыктар болгон – өрүк курут, батончик, кургатылган өрүк, как аралашмасы, өрүк майы, данек, скраб азыктарын чыгарып келет. Борбордо 8 кыз келин иш менен камсыз. Башкы багыты органикалык азык өндүрүү болгондуктан, учурда өрүк бактарын “Контроль Юнион” агенттиги аркылуу эл аралык сертификациядан өткөрүү боюнча иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, Кыргызпатент тарабынан 2022-жылдын “40 райондон 40 демилге” долбоорунун 8 жеңүүчүсүнө инновациялык демилгелерин ишке ашырууга ар бирине 1 000 000 сомго чейин финансылык акча каражат берилген. Бүгүнкү күндө бардык жеңүүчүлөр керектүү жабдыктарын алышып долбоорлорун ишке ашырууд
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow