22-декабрда Кыргызпатентке караштуу Мамлекеттик фонд тарабынан жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн «Илим жана инновациялар дүйнөсү» класстан тышкаркы воркшоп өткөрүлдү.
22-декабрда Кыргызпатентке караштуу Мамлекеттик фонд тарабынан жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн "Илим жана инновациялар дүйнөсү" класстан тышкаркы воркшоп өткөрүлдү.
Иш-чарага философия илимдеринин доктору, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору Бокошов Жамгырбек Бокошович чакырылган. Өз презентациясында Ж. Бокошов “Келечекти изилдөө”, “Форсайт-ойлом”, “Футур-сабатуулук” сыяктуу дүйнөлүк тажрыйбалар менен бөлүштү. Кыргызстандагы жаштар чыгармачылык, илимий-техникалык жана инновациялык ишмердүүлүктү уюштурууда келечекти ойлоо керек экенин, ошондой эле креатив (чыгармачыл), сынчыл, стратегиялык, аналитикалык ойлом методологияларды өздөштүрүүсү зарыл экенин белгиледи.
Иш-чаранын алкагында, студенттер үчүн Кыргызпатент ишке ашырып жаткан долбоорлор жөнүндө маалыматтар берилди жана Инновациялык борбор менен тааныштыруу экскурсия уюштурулду.
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide