40 РАЙОНДОН 40 ДЕМИЛГЕ - 2023

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги аймактардагы инновациялык демилгелерди колдоо үчүн “40 райондон 40 демилге” долбоорунун алкагында быйыл да 8 долбоор тандап алды. Анын ичинде 4 инновациялык долбоор жана 4 СТАРТАПП жеңүүчү деп табылды.

Алардын бири — Кадамжай районунан келген Азада Арзыбаева.

“Кызыл как” долбоору

Долбоордун максаты – эттүү томат сортторунан заманбап технологияларды колдонуп, помидорлорду кургатуу жолу менен зыяны жок кызыл кактарды өндүрүү.