40 РАЙОНДОН 40 ДЕМИЛГЕ - 2023

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги аймактардагы инновациялык демилгелерди колдоо үчүн “40 райондон 40 демилге” долбоорунун алкагында быйыл да 8 долбоор тандап алды. Анын ичинде 4 инновациялык долбоор жана 4 СТАРТАПП жеңүүчү деп табылды.

Жеңүүчүлөрдүн бири —  Ат-Башы районунан келген Бегимжан Молдобаева.

Жүндү кайра иштетүү, жүндөн органикалык жер семирткичтерди өндүрүү долбоору

Долбоор инновациялык технологияларды колдонуу менен жүндөн органикалык, гранулданган жер семирткичтерди өндүрүүнү киргизүү аркылуу жүн калдыктарын керекке жаратууга байланышкан экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган.