40 РАЙОНДОН 40 ДЕМИЛГЕ - 2023

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги аймактардагы инновациялык демилгелерди колдоо үчүн “40 райондон 40 демилге” долбоорунун алкагында быйыл да 8 долбоор тандап алды. Анын ичинде 4 инновациялык долбоор жана 4 СТАРТАПП жеңүүчү деп табылды.

Жеңүүчүлөрдүн бири — Гүлмира Саматова  Кадамжай районунан келген.

“Violet gold” компаниясынын долбоору

Лаванда гүлүнөн жандуу жана кургатылган гүлдесте жасашат. Ошондой эле, андан табигый кант, чай, атыр, эфир майлары өндүрүлөт.