40 РАЙОНДОН 40 ДЕМИЛГЕ - 2023

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги аймактардагы инновациялык демилгелерди колдоо үчүн “40 райондон 40 демилге” долбоорунун алкагында быйыл да 8 долбоор тандап алды. Анын ичинде 4 инновациялык долбоор жана 4 СТАРТАПП жеңүүчү деп табылды.

Алардын бири — Нарын районунан келген Зарылбек Султанов

“Гидропоникалык тоют” долбоору

Жаңы технологияларды колдонуу менен гидропоникалык тоюттарды өндүрүү. Долбоор айыл чарба тармагындагы экономикалык көйгөйлөпдү чечүүгө багытталган. Канаттуулар, майда жандыктар жана малдын бардык башка түрлөрү үчүн арзан жана кирешелүү тоют менен камсыз кылат.