КЫРГЫЗПАТЕНТ ОЙЛОП ТАБУУЧУ БАЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮН ӨТКӨРӨТ

Кыргызпатенттин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду бүгүн өлкөдөгү орто билим берүү мекемелеринин, чыгармачылык жана билим борборлорунун директорлору катышкан атайын Zoom конференция өткөрдү. Ага жүздөн ашык адам катышты. Мамфонддун чыгармачыл демилгелерди шыктандыруу бөлүмүнүн башчысы Дамира Түлөбердиева 2024-жылы жетекчилерди ойлоп табуучу жана таланттуу балдарды Кыргызпатент өткөргөн иш-чараларга активдүү катыштырууга чакырды.
Белгилей кетсек, 17-январь — Ойлоп табуучу балдардын эл аралык күнүнө карата фонд бардык орто билим берүү мекемелери катышкан атайын иш-чара өткөрөт. Ага таланттуу, чыгармачыл окуучулар ойлоп тапкан жаңычыл эмгектери менен катыша алышат.
Конференцияда жетекчилер менен чыгармачыл жана билим берүү борборлорунун материалдык-техникалык базасын чыңдоо, долбоорлорду түзүү боюнча маселелер талкууланды.

Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow