ОЙЛОП ТАБУУЧУ БАЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ

Кыргызпатент ойлоп табуучу балдардын эл аралык күнүн өткөрдү. Республикадагы бардык орто билим берүү мекемелери катышкан атайын иш-чара уюштурду. Ага Республиканын бардык аймактарынан беш миңден ашык жаратман окуучулар өздөрү ойлоп тапкан жаңычыл эмгектери менен катышышты. Ал  эми алыскы аймактардагы  чыгармачыл борборлор жана мектептер онлайн түрүндө  жасалган эмгектерин  көрсөтүштү.

Муну менен катар бир катар чыгармачыл борборлордун өнөрлүү окуучулары концерттик номерлери менен катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулашты.

Бул таланттуу балдар үчүн жөн гана бир күндүк иш-чара эмес, аларга  Кыргызпатент өткөрө турган ири долбоорлорго катышууга жол ачат жана даярдайт. Жаш генийлердин ойлоп табууларын баалап, таланттарына дем берүү да негизги максаттардын бири.

Иш-чаранын негизги бөлүгүндө робототехниканын негиздери, кум менен сүрөт тартуу, жасалма интеллект, астрономия  боюнча катышуучуларга мастер класстар уюштурулду.

Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow