Кыргызпатенттин алдындагы Ойлоп табуучулар кеңешинин Президиумунун кезектеги XVII жыйыны болуп өттү

2024-жылдын 22-январында Кыргызпатенттин алдындагы Ойлоп табуучулар кеңешинин Президиумунун кезектеги XVII жыйыны болуп өттү.

Күн тартибине ылайык, жыйындын катышуучуларына Кыргызпатенттин 2023-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берилди жана жактырылды.

Ошондой эле, жыйында «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ойлоп табуучусу» ардактуу наамына жана В. Блинников атындагы Евразиялык патенттик уюмунун «Ойлоп табуучулук ишке кошкон салымы үчүн» Алтын медалын ыйгаруу үчүн сыйлыкка көрсөтүлгөн сунуштамалар каралды.

Белгилей кетсек, Кыргызпатенттин алдындагы Ойлоп табуучулар кеңешинин Президиуму ойлоп табуучулардын ишмердүүлүгүн ишке ашыруу маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн кеңеш берүүчү орган болуп эсептелет.

Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow