Калемгерлер, сиздер үчүн “7 жаш автор” адабий конкурс!

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) жаш калемгерлердин арасында “7 жаш автор” республикалык адабий конкурсун жарыялайт.
Конкурстун максаты – жаш авторлордун китебин чыгарып берүү жана коомчулукка жайылтуу, чыгармачылык ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү, мыкты чыгармаларды аныктоо болуп эсептелет.
Конкурстун багыты – проза, поэзия, драматургия.
Чыгармаларды кабыл алуунун шарттары:
— чыгармалар мамлекеттик жана расмий тилде кабыл алынат;
— конкурска эч жерде жарык көрбөгөн чыгармалар гана катыштырылат;
— чыгармалар компьютерде 14-шрифт, саптардын аралыгы – 1 интервал, Times New Roman арибинде терилип, 250 беттен ашпоого тийиш;
— кыскача өмүр баяны, сүрөтү, учурда иштеген (окуган) жери жана дареги жазылуусу керек;
-конкурстун жыйынтыгында 7 жеңүүчүнүн чыгармалары Уюштуруучулар тарабынан басылып чыгарылат;
— конкурска жиберилген чыгармалар рецензияланбайт жана кайтарылып берилбейт.
Материалдарды 2024-жылдын 1-февралынан 3-майга чейин gosfond.patent@patent.kg электрондук дарегине жөнөтүп же Бишкек шаары, Москва көчөсү 62 үй дарегине саат 09:00 – 18:00 гө чейин тапшырсаңыздар болот. Толук маалыматты http://patent.gov.kg/, http://fund.patent.kg/ сайтынан таба аласыздар.
Сурап-билүү үчүн байланыш телефондор:
(0312) 68-04-71, (0700) 84-83-29