40 РАЙОНДОН 40 ДЕМИЛГЕ ДОЛБООРУНА ӨТҮНМӨЛӨРДҮ КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛДЫ

Ар бирибиз жаратманбыз жана ойлоп табуучубуз, ар бирибизде интеллект гени бар!

Эгерде сизде жаңы инновациялык демилге же стартап бар болсо, бирок аны ишке ашырууга билимиңиз жана каражатыңыз жетишпей жатса анда 40 райондон 40 демилге долбоорунун тандоосуна катышыңыз!

Кыргызпатент сиздин инновациялык долбооруңузду 1 000 000 сомго чейин, ал эми стартабыңызды 500 000 сомго чейин каржылап берет!

Тандоо критерийлери төмөнкүлөр:

  • Жаңылыгы болуш керек;
  • экономикалык жана социалдык маанилүүлүгү;
  • ишке ашуусу;
  • натыйжалуулугу;
  • экологиялык коопсуздугу.

Тандоого катышуу үчүн өтүнмөнүн формасын толтуруп Кыргызпатентке 2024-жылдын 30-апрелине чейин берүүңүздөр керек.

Тандоонун жалпы мөөнөтү 5 айга созулат жана 3 этап менен өткөрүлөт:

 — Комиссия тарабынан алдын ала тандоо жүргүзүлөт;

  • Акысыз акселерациялык программа уюштурулат;
  • Көз карандысыз тармактык эксперттер тарабынан бааланат
  • Ошондой эле, комиссиянын алдында жаратмандар өз долбоорлорунун бет ачаарларын жасашат.

 Долбоордун максаты – экономиканы, илимди билимди жана инновацияны өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча долбоорлорду жана стартаптарды шыктандыруу, илгерилетүү болуп саналат.

Белгилей кетсек, 2022-жылы жалпысынан 98 өтүнмө келип түшкөн, тандоонун этаптарынан ийгиликтүү өткөн 8 инновациялык демилге бүгүнкү күндө Кыргызпатент тарабынан толук каржыланып жеңүүчүлөр сатып алган жабдуулары менен толук иштеп башташты. Ал эми, 2023-жылдын тандоосуна 245 өтүнмө келип түшүп, мыкты деп табылган 4 инновациялык демилге жана 4 стартап Кыргызпатент тарабынан колдоого алынды.

Андыктан, урматтуу жаратман, ойлоп тапкан жаңычыл эмгегиңизди ишке ашырам, киреше табам, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошом десеңиз тандоого катышыңыз!

Бардык суроолор боюнча төмөнкү телефон номерлерге кайрыла аласыздар:

0555795918, 0703166036