Кыргызпатент “40 райондон 40 демилге” долбоору боюнча онлайн жолугушууларды баштады

“40 райондон 40 демилге” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди, стартаптарды тандоону өткөрүүнүн тартибин чагылдыруу үчүн Кыргызпатентке караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду (Катчылык) онлайн ZOOM платформасында жолугушууларды өткөрүүдө.

Бүгүнкү жолугушууда Нарын жана Баткен облусундагы райондук мамлекеттик администрациялардын, айыл аймактын жетекчилери, өкүлдөрү жана кызыкдар жеке ишкерлер катышышты.

Иш чаранын жүрүшүндө Катчылык тарабынан аймактарда иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоонун тартиби боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Ошондой эле, 2024-жылдын 27-февралында Ош жана Чуй облусунун, 28-февралда Ысык-Көл жана Талас облусунун, 29-февралда Жалал-Абад облусунун райондук мамлекеттик администрациялардын, айыл аймактын жетекчилери, өкүлдөрү жана кызыкдар жеке ишкерлер үчүн онлайн жолугушуу уюштурулат.

Жолугушууга катышуу үчүн төмөнкү телефондор аркылуу байланышсаңыздар болот: 0312 680471, 0703166036, 0555795918.

Белгилүү болгондой, Кыргызпатент “40 райондон 40 демилге” долбоорунун алкагында инновациялык демилгелерди жана стартаптарды колдойт!

1 000 000 (бир миллион) сомго чейин инновациялык демилгелерди жана 500 000 сомго чейин стартаптарды каржылоого даяр!

Тандоого катышуу үчүн 2024-жылдын 30-апрелине чейин өтүнмөнүн формасын толтуруп райондук мамлекеттик администрация аркылуу 40demilge@patent.kg электрондук дарегине Кыргызпатентке тапшыруу керек.

Тандоонун тартиби жөнүндө жобо жана өтүнмөнүн формасы http://fund.patent.kg/?page_id=1336 шилтемеде жайгашкан.

Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow