2024-жылдын 26-мартында Кыргызпатент Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборун түзүү (мындан ары – ТИКБ) жөнүндөгү макулдашуунун алкагында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында кезектеги 24-ТИКБны ачат.

ТИКБнын милдети ойлоп табуучуларга жана инноваторлорго ар тараптан маалыматтык, кеп-кеңеш жана усулдук колдоо көрсөтүү болуп эсептелет.
Иш-чаранын алкагында “Өнөр жай менчик объектилери”, “Интернет-ресурстарды пайдалануу менен патенттик маалыматтарды издөө” жана “Автордук укук объектилерин каттоо. Жамааттык башкаруу” жөнүндө окутуу семинары өткөрүлөт.
Slide
Slide