КЫРГЫЗПАТЕНТТИН АЙМАКТАР ҮЧҮН ДОЛБООРЛОР БОЮНЧА ОНЛАЙН СЕМИНАРЫ

Бүгүн, 2024-жылдын 29-мартынан тартып 12-апрелге чейин Кыргызпатент Кыргызстандын облустарындагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрациялар жана айыл өкмөтүнүн башчылары менен онлайн маалыматтык семинар өткөрүүдө. Бүгүнкү онлайн семинарга Жалал-Абад областы боюнча жалпысынан 70тен ашуун адам катышты.
Иш-чаранын алкагында Кыргызпатенттин адистери “40 райондон 40 инновациялык демилге” долбоору, “Товардык белгинин бизнестеги ролу” деген темаларда маалымат беришти. Ал эми Германия эл аралык кызматташтык коомунун өкүлү долбоорду жазуунун ыкмалары жөнүндө презентация жасады.
Семинардын жыйынтыгында катышуучулары Кыргызпатент менен иштешүүгө кызыктар экендигин жана бүгүнкү иш-чара пайдалуу болгондугун белгилешип, аймактардагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сунуш-пикирлерин айтышып, бизге жакшы мотивация болду дешип уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow