“МАНАС” ТЕМАСЫНА ТААСИРЛЕНГЕН СҮРӨТЧҮНҮ КЫРГЫЗПАТЕНТ КОЛДОДУ

Сүрөтчү-график, иллюстратор, дизайнер Замир Илиповдун “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” аттуу альбом-китебинин бет ачары жана жеке көргөзмөсү Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм өнөр музейинде өттү.

Китеп Интеллектуалдык менчик жана инновациалар агенттиги тарабынан чыгарылган жана көргөзмө да уюштурулган.

Иш-чаранын максаты – сүрөтчүлөрдүн, авторлордун инновациялык идеяларын колдоо, чыгармачылыгына өбөлгө түзүү.

Альбом-китептке баатырлардын жана эпостогу элестер түшүрүлгөн 105 сүрөт басылып чыкты. Атайын көргөзмөгө болсо 127 сүрөт коюлган.

Замир Илипов — Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты, Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун Алтын медалынын ээси.

Кыскача репортаждан көрүңүздөр.