GIZ ТИН АЯЛДАР МЕНЕН КЫЗДАРДЫ КОЛДОО ДОЛБООРУ КЫРГЫЗПАТЕНТТИН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК МАМЛЕКЕТТИК ФОНДУ МЕНЕН БИРГЕ

Чыгармачылык-креативдик өнүгүүдө аялдарды колдоо, алардын жеке бизнестерин түзүүгө жардам берүү, дареметин жогорулатуу, экономиканын өнүгүшүнө салым кошуу максатында Германия эл аралык кызматташтык коому GIZ жаңы долбоордун бет ачаарын өткөрдү.

Ал  Курак – Креативдүү индустриялардагы аялдар менен кыздарды колдоо” деп аталат.  

Долбоордун 4 максаты бар.

1) Жакырчылыкты кыскартуу: Аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга  колдоо көрсөтүү

2) Гендердик теңчилик: Тең мүмкүнчүлүктөрду жайылтуу жана гендердик тосколлодуктарды жоюу.

3) Татыктуу эмгек жана экономикалык өсүш: активдүү жашоо менен экономикага катышуу жана ишкердик

4) Сапаттуу билим: Көндүмдөрдү  өнүктүрүү жана окууларды камсыздоо.

Бул маанилүү долбоор Кыргызпатент менен биргеликте түзүлүп жатат. Аны ишке ашырууда  Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду колдоо көрсөтөт. 

Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow