Кыргызпатент тарабынан Баткен облусунда жайгашкан Баткен жана Кадамжай районундагы «40 райондон 40 демилге» долбоорунун жеңүүчүлөрүнүн инновациялык демилгелеринин ишке ашуусу боюнча көчмө мониторинг жүргүзүлдү

Маалым болгондой, Кыргызпатент тарабынан “40 райондон 40 демилге” долбоорунун алкагында тандоодо жеңип чыккан 8 инновациялык демилге 1 000 000 сомго чейин каржыланган. Жеңүүчүлөрдүн бири Баткен районундагы «Өрүк Курут» долбоорунун автору Төлөмүшов Турсунали Кыргызпатент тарабынан берилген 990 000 сомго аралаштыргыч, жууручу, кесүүчү жана бөлүүчү автоматтык жабдууларын сатып алган.

Жеңүүчү “Алыш Дан” кооперативин жетектеп, бүгүнкү күндө органикалык таза азыктан болгон – өрүк курут, батончик, кургатылган өрүк, как аралашмасы, өрүк майы, данек, скраб азыктарын чыгарып келет. Борбордо 8 кыз келин иш менен камсыз. Өндүргөн азыктарга Россиянын жана Кыргызстандын шаарларынан көптөгөн сунуштар, буйрутмалар берилүүдө. Алынган жабдуулары боюнча Т. Төлөмүшөв маалымат берип, иш жүзүндө жабдууларынын иштешин көргөздү.

Иш-чарага Кыргызпатентке караштуу Регионалдар аралык бөлүмүнүн башкы адиси Абдыкалык уулу Шержан, ошондой эле Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын акиминин биринчи орун басары  –  Т. Ибраимов, аппаратынын начальниги Б. Абдуллаев, экономика бөлүмүнүн адиси А. Матмуратов жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары  —  А. Ырысбек кызы, инвестиция бөлүмүнүн адиси Ж. Туланов катышышты.

Катышуучулар тийиштүү мониторинг жүргүзүү актысына кол коюшту.

Ошондой эле, Баткен облусундагы Кадамжай районунда жайгашкан “40 райондон 40 демилге” долбоорунун жеңүүчүсү, “Аз түшүм берүүчү дөңсөөлүү жерде биогумусту пайдалануу менен кызыл өрүк бакчасын “акылдуу” тамчылатып сугаруу” долбоорунун автору З. Досатовдун ишмердүүлүгү менен таанышуу болду.

Жеңүүчү жалпысынан 988 500 сомго сомго тийиштүү жабдууларын сатып алган. Бүгүнкү күндө, 6 гектар дөңсөөлүү жерде акылдуу тамчылатып сугаруу боюнча суу жана электр энергиясын орнотуу, ошондой эле тамчылатуу системасынын бардык монтаж иштери аяктаган.

2000 түп кызыл өрүк бактары отургузулуп жана дарбыз, коон тигилген.

Иш-чарага Кыргызпатентке караштуу Регионалдар аралык бөлүмүнүн башкы адиси Абдыкалык уулу Шержан, ошондой эле Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын акиминин биринчи орун басары – Б. Коргонбаев катышышты. Катышуучулар тийиштүү мониторинг жүргүзүү актысына кол коюшту.

Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow