Кыргызпатент “7 жаш автор” республикалык адабий конкурсуна өтүнмөлөрдү кабыл алуу аяктаганын маалымдайт.

Кыргызпатент “7 жаш автор” республикалык адабий конкурсуна өтүнмөлөрдү кабыл алуу аяктаганын маалымдайт. Бүгүнкү күндө конкурска катышуу үчүн жалпысынан 31 кайрылуу келип түштү. Анын ичинен 9 калемгердин чыгармачылык иштери жобонун тийиштүү талаптарына жооп бербейт (автордун өзү жөнүндө маалыматтын толук эместиги, өтүнмөлөрдүн жоктугу, адабий тилдин ченемдерин жана жазуу эрежелерин сактабагандыгы, чыгармаларынын өтө аздыгы ж.б.). Учурда 22 автордун чыгармалар жыйнагы конкурстун калыстар тобунун мүчөлөрүнө жөнөтүлгөн. Аймактарга бөлүштүргөндө;

Бишкек шаары – 2;

Ош шаары – 1;

Ош областы – 1 автор;

Чүй областы – 1;

Ысык-Көл областы – 2;

Баткен областы – 3;

Жалал-Абад областы –1;

Нарын областы – 5;

Москва шаары – 1;

Белгилей кетсек, Кыргызпатент “7 жаш автор” адабий конкурсуна катышуу үчүн өтүнмөлөрдү 2024-жылдын 1-февралынан 15-майына чейин кабыл аларын жарыяланган. Конкурстун жеңүүчүлөрү июнь айында аныкталат.

Slide
Slide