“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ КИТЕБИ” КОНКУРСУ ЖАРЫЯЛАНАТ!
“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ КИТЕБИ” КОНКУРСУ ЖАРЫЯЛАНАТ!
Урматтуу авторлор, басмакана ээлери жана китеп күйөрмандары!
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент), Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Мамлекеттик китеп палатасы менен биргелешип “Жылдын мыкты китеби” конкурсун жарыялайт!
Конкурстун максаты – мыкты басылмаларды аныктоо, коомчулукка китеп окууну жайылтуу жана үгүттөө, китеп басып чыгаруунун маданиятын арттыруу, китептердин эстетикалык, адеп-ахлактык тарбияга тийгизген пайдалуу таасирин күчөтүү жана өнүктүрүү, басып чыгаруучуларды, инновациялык идеяларды жана тажрыйбаларды колдоо болуп саналат.
Жеңүүчүлөрдү аныктоо критерийлери:
— тематикалык жана таануучулук багыт;
— актуалдуулук, көркөмдүүлүк жана оригиналдуулук;
— чыгармачыл ойдун жаңычылдыгы;
— полиграфиялык аткаруунун деңгээли;
— басып чыгаруу стандарттарына шайкеш келиши;
— окурман коомчулугунун кызыгуусу.
Ошондой эле 4 номинация боюнча жеңүүчүлөрдүн арасынан жылдын окуясына айланган өзгөчө басылма аныкталат.
Конкурстук номинациялар:
1) “Жылдын прозасы” – ата мекендик авторлордун мыкты романдары, повесттери, аңгемелер жыйнактары, новеллалары, эсселери, ошондой эле оригиналдуу басылмалары жана басма сериялары;
2) «Жылдын поэзиясы» — ата мекендик авторлордун мыкты поэзиялык жыйнактары, ошондой эле оригиналдуу басылмалары жана басма сериялары;
3) “Жылдын мыкты балдар адабияты” — ата мекендик авторлор тарабынан жазылган балдар үчүн китептер;
4) “Жылдын мыкты басмасы”.
Конкурска 2023-2024-жылдары жарык көргөн китептер 2024-жылдын 17-майынан 5-сентябрына чейин кабыл алынат.
Материалдарды Бишкек шаары, Москва көчөсү 62 үй дарегине саат 09:00 – 18:00 гө чейин тапшырсаңыздар болот. Толук маалыматты https://patent.gov.kg, http://fund.patent.kg/ сайтынан таба аласыздар.
Сурап-билүү телефону: 0312 68-04-71, 0700 84-83-29
________________________________________________________________________________________________________
ВНИМАНИЕ КОНКУРС! “ЛУЧШАЯ КНИГА ГОДА”
Уважаемые авторы, издательства, издательские Дома, типографии
Государственное агентство интеллектуальной собственности и инноваций при Кабинете Министров Кыргызской Республики (Кыргызпатент) и Учреждение государственная книжная палата при Министерстве культуры, информации, спорта и молодежной политики Кыргызской Республики
В целях повышения роста профессионального мастерства издателей, выявлению и популяризации лучших изданий и совершенствованию, и распространению издательской практики в республике, повышению культуры книгоиздания, укреплению и развитию благотворного влияния книги на эстетическое, нравственное воспитание подрастающего поколения проводит конкурс «Лучшая книга года».
В Конкурсе принимают участие книги, изданные с января 2023 — июнь 2024 года.
Критерии определения победителей:
— тематическая и познавательная направленность;
— актуальность, художественные достоинства и оригинальность;
— новизна творческого замысла;
— уровень полиграфического исполнения;
— соответствие издательским стандартам;
— интерес читательского сообщества.
Издание, ставшее событием года, будет определено среди победителей в 4 номинациях.
1) «Лучшая проза года» – лучшие романы, повести, сборники рассказов, новелл, эссе отечественных авторов, а также оригинальные издания и издательские серии;
2) «Лучшая поэзия года» – лучшие поэтические сборники отечественных авторов, а также оригинальные издания и издательские серии;
3) «Лучшая детская литература» – книги для детей, написанные отечественными авторами;
4) «Лучшее издательство года».
Прием материалов на конкурс производится с 17 мая по 5 сентября 2024 года.
Материалы принимаются по адресу г. Бишкек, улица Московская 62, с 09:00 – 18:00 часов. Полную информацию можете найти на сайте https://patent.gov.kg, http://fund.patent.kg/
Справки по телефонам: 0312 68-04-71, 0700 84-83-29
Slide
Slide