Кыргызпатент тарабынан Нарын облусунун Нарын районундагы Чет - Нура айылындагы жана Талас облусунун Талас районундагы Кызыл-Туу айылындагы «40 райондон 40 демилге» долбоорунун жеңүүчүлөрүнүн инновациялык демилгелеринин ишке ашуусу боюнча көчмө мониторинг жүргүзүлдү

Маалым болгондой, Кыргызпатент тарабынан “40 райондон 40 демилге” долбоорунун алкагында 2022-жылдын тандоосунда жеңип чыккан 8 инновациялык демилге 1000000 сомго чейин каржыланышкан.

Нарын облусунун Нарын районундагы Чет-Нура айылынын тургуну “Малина, чычырканак жана өрүк кошулган сүзмө” долбоорунун автору, жеңүүчү Осмонова Жыпаркүл Кыргызпатент тарабынан берилген 935 000 сомго тийиштүү жабдууларын сатып алган.

Жеңүүчү бүгүнкү күндө “Ак Тилек” кичи цехин ачып, өндүрүштү ишке киргизген. Бир күндө 100 даанага чейин азык даярдап, азыктар айыл дүкөндөрүндө жана “Бир айыл – бир продукт” ассоциациясы аркылуу сатылууда. Ири маркеттер менен келишим түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Долбоорду ишке ашырууда 3 жумуш орун түзүлгөн. Алынган жабдуулары боюнча Ж. Осмонова маалымат берип, иш жүзүндө жабдууларынын иштешин көргөздү.

Иш-чарага Кыргызпатенттин алдындагы Мамлекеттик фондунун Ойлоп табуучулук ишмердүүлүктү колдоо бөлүмүнүн башчысы В. Имангазиева, башкы адиси А. Бекбаева, ошондой эле Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин орун басары Т. Кулешов жана Нарын районунун Чет — Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А. Окенов, уюштуруу иштери боюнча адиси Абыкеш уулу Адилет катышышты. Катышуучулар тийиштүү мониторинг жүргүзүү актысына кол коюшушту.

Ошондой эле, Талас облусунун Талас районундагы Кызыл-Туу айылындагы «40 райондон 40 демилге» долбоорунун жеңүүчүсү “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн колдун дизайнердик 3D-протездери” долбоорунун автору Н. Аскарбековдун ишмердүүлүгү менен таанышуу болду. Жеңүүчү жалпысынан  1 000 000 сомго тийиштүү жабдууларын жана материалдарын сатып алган.

Бүгүнкү күндө, “Кибер” протез борборун ачып, долбоорун ишке ашырууда. Жүргүзүп жаткан иши канаатандырарлык. Колдун дизайнердик 2 даана 3D-протездери даярдалган, долбоорду ишке ашырууда 2 киши эмгектенет.

Иш чарага Кыргызпатенттин алдындагы Мамлекеттик фондунун  аткаруучу директорунун орун басары Т. Муктаров, Ойлоп табуучулук ишмердүүлүктү колдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси А. Жетигенова,  ошондой эле Талас райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык аткаруунун башчысы Э. Малдыбаева, башкы адиси Ү. Үсенова жана Беш — Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Мурат Шамиль катышышты.

Катышуучулар тийиштүү мониторинг жүргүзүү актысына кол коюшту.

Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow