Кыргызпатент тарабынан Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы «40 райондон 40 демилге» долбоорунун жеңүүчүсүнүн инновациялык демилгесин ишке ашуусу боюнча көчмө мониторинг жүргүзүлдү

Кыргызпатент тарабынан “40 райондон 40 демилге” долбоорунун алкагында тандоодо жеңип чыккан 8 инновациялык демилге 1 000 000 сомго чейин каржыланган. Жеңүүчү “Кара өрүктү жана жапайы алманы сорттоо, жууп-тазалоо буу менен иштетүү боюнча ыраакттуулук чынжырын орнотуу аркылуу кургаткыч цехти жаңылоо” долбоорунун автору А. Дуулатов Кыргызпатент тарабынан берилген 1 000 000 сомго жашылчаларды жана мөмө-жемиштерди жууп тазалоочу жабдууну сатып алган.

Кара өрүктү жана жапайы алманы сорттоо, жууп-тазалоо, буу менен иштетүү боюнча иштери 2024-жылы август айынан баштала тургандыгы жөнүндө маалымат берилди. Бүгүнкү күндө, сатып алган жабдууну ишке киргизүү үчүн суу түтүктөрүн орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, 15-30 тонна кара өрүккө буйрутмалар бар экенин белгиледи.

Иш-чарага Кыргызпатентке караштуу Регионалдар аралык бөлүмүнүн башчысы Ч. Жантаев, башкы адиси А. Баймырзаева ошондой эле Ала-Бука районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин орун басары Ж. Токтогулов, райондук администрациянын жетектөөчү адиси Т. Кашимбеков, Агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын  башчысы — М. Узаков жана Ала-Бука районунун Т. Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары — К. Момунова, айыл кеңешинин жоопту катчысы Н. Кудайбердиева, Ала-Бука районунун Т. Балтагулов айыл аймагынын жетектөөчү адиси К. Токтокозуев катышышты. Катышуучулар тийиштүү мониторинг жүргүзүү актысына кол коюшушту.

Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow