“40 райондон 40 демилге” долбоору боюнча тандоо этаптары башталды

2024-жылдын 28-майында “40 райондон 40 демилге” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди, стартаптарды таңдоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын биринчи отуруму болуп өттү.

Комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, министрликтердин жана ведомстволордун, ошондой эле коомдук уюмдардын жана бизнес ассоциациялардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн.

Күн тартибине ылайык, отурумдун катышуучуларына «40 райондон 40 демилге» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди, стартаптарды тандоонун тартиби жана келип түшкөн өтүнмөлөр жөнүндө баяндама берилди.

Белгилей кетсек, тандоонун жалпы мөөнөтү 5 айды түзөт жана 3 этап менен өткөрүлөт.

Жобого ылайык, тандоонун биринчи этабы – ведомстволор аралык комиссия бир айлык мөөнөттө катышуучулар акселерациялык программадан өтүшү үчүн инновациялык долбоорлорду, стартаптарды алдын ала тандайт.

Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow